Москва районунун тургуну Фейсбуктагы посту үчүн кармалды

Москва районунун тургуну Фейсбуктагы посту үчүн кармалды

Москва районунда улут аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 3-июнунда социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда Чүй ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан Facebook социалдык тармагынын колдонуучусунун улут аралык кастыкты козутуучучагымчыл мүнөздөгү белгилери бар баракчаны аныкташкан.

Бул маалыматты тактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, баракчадагы маалымат боюнча, милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй ОИИБдин ЭМКАКтын кызматкерлери жана Чүй облустук УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте бул колдонуучунун өздүгү такталып, ал 1970-жылы туулган Т.А. аттуу жаран экени аныкталган.

Ушул жылдын 27-июнунда соттун чечими менен бул жаранга тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ноутбук жана уюлдук телефон алынган. Учурда кылмышка шектүү Москва РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кылмыш иш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>