Кулактары өзгөчө узун улак пакистандык маалымат каражаттарда жылдызга айланды. Ага Симба деп ысым ыйгарылды. Ал июнда Карачиде туулган. Туулганда эле кулагы делдейип узун болчу. Азыр кулагынын узундугу 54 сантиметрге чейин жетти.
Анын ээси Мохаммад Хасан Нарежо улагын дүйнөлүк рекорд коюшу мүмкүн деп үмүт артып турган чагы. Селекционер Гиннесстин рекорддор китебинин сайтын да текшерген, бирок эң узун кулактуу эчкилер категориясы жок экенин баамдаган.
Мохаммад Хассан Нарежо улагы туулгандан он-он эки күн өткөндөн кийин ал улуттук жана чет элдик маалымат каражаттарына жылдызга айланып, алтургай сулуулук сынагын жеңип алган.
Симбанын кулагы ушунчалык узун болгондуктан, ээси улагы басып кетпеши үчүн бүктөп коюуга туура келет. Ыңгайлуулук үчүн Мохаммад Хасан Нарежо жаныбардын мойнуна атайын таңгычты ойлоп тапты. Ошондой эле көз тийбесин, жин тийбеши үчүн Симбага Курандан сүрөөлөрүн үнүн чыгарып окуп, ага кара жип байлап коёт.
Мохаммад Хасан Нарехо Симбанын жардамы менен Пакистандын эң мыкты эчкилер багылган жери катары имиджин жайылтууну пландоодо.