Жыл башынан бери суюлтулган газ 25% арзандады

Жыл башынан бери суюлтулган газ 25% арзандады

Беш жыл ичинде Кыргызстанда суюлтулган газды керектөө үч эсеге көбөйдү – 2017-жылы айына 3 миң тоннадан 2022-жылы 9 миң тоннага чейин. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы суюлтулган углеводороддук газ рыногундагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Мекеме суюлтулган газдын ички рыногун Орусия жана Казакстандан келген импорт гана камсыздай турганын белгилейт. Мындан тышкары Өзбекстандан, АКШдан жана Франциядан анча чоң эмес көлөмдөр келет.

“Кызмат жүргүзгөн баа мониторингине ылайык, Бишкек шаарында газдын негизги сатуусу жүргүзүлүп жаткан газдын баасы учурда литрине 28,4-29,3 сомду түзүүдө. 2022-жылдын башынан бери баалар литрине 10 сомго чейин төмөндөдү”, — деп белгилейт Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.

Алсак, жыл башынан бери суюлтулган газдын баасы 23-25%га арзандады. Мекеме газдын баасы бензинге караганда 30-40% арзан экенин белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>