Бишкекте пилоттук долбоор катары велошеринг ишке кирди

Бишкекте пилоттук долбоор катары велошеринг ишке кирди

«Азия Молл» соода борборунун алдында  муниципалитеттин колдоосу менен велошеринг пилоттук долбоорунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти долбоордун үстүндө бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барды.

Бул долбоордун негизги максаты — борбордун экологиялык системасын жакшыртуу, жол тыгындарын азайтуу жана жарандардын ден соолугун чыңдоо.

Долбоордун биринчи этабында буга чейин Бишкектин көчөлөрүнө 490 велосипед чыгарылган.

Соода борборлорунун жанында 80 велосипед үчүн атайын аялдамалар уюштурулган.

Келечекте велосипеддердин санын 1500гө жеткирүү пландалууда.

Тэги: Бишкек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>