Өч алуу үчүн бильярд клубун өрттөшкөн. Кара-Сууда эки кыз кармалдыМэрия шаардык кеңештин кароосуна сууга болгон жаңы тарифтерди алып чыкты — долбоорБеловодское айылында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 150 түп дарак тигилдиБекешев Жогорку Кеңештеги кадрдык дайындоолорго УКМКнын кийлигишүүсү тууралуу айттыБайтик айылынан «Ала-Арча» паркына чейин веложол курулуудаКытайлык компаниялар Кыргызстандын курулуш тармагына инвестиция салууга кызыкдар
Ошто тургундар маршруткалардын кыймылын үйдөн чыкпай көзөмөлдөйт
19.07.2022 | 12:02
Ош шаарынын тургундары 1-августтан тарта кичи автобустардын кыймылын үйдөн чыкпай эле көзөмөлдөй алышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, вице-мэр Сонунбек Жунусбаев коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасын киргизүү долбоорунун жүрүшү менен таанышты.
OSHBUS атайын системасынын мобилдик тиркемесин орнотуп жаткан кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушууда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул системанын жардамы менен ар бир жүргүнчү үйдөн чыкпастан реалдуу убакыт режиминде ар бир кичи автобустун кыймыл убактысын көрө алат.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, 1-августка чейин бардык кичи автобустар системага кошулат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом