Өч алуу үчүн бильярд клубун өрттөшкөн. Кара-Сууда эки кыз кармалдыМэрия шаардык кеңештин кароосуна сууга болгон жаңы тарифтерди алып чыкты — долбоорБеловодское айылында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 150 түп дарак тигилдиБекешев Жогорку Кеңештеги кадрдык дайындоолорго УКМКнын кийлигишүүсү тууралуу айттыБайтик айылынан «Ала-Арча» паркына чейин веложол курулуудаКытайлык компаниялар Кыргызстандын курулуш тармагына инвестиция салууга кызыкдар
Минкаб мындан ары жарандар курулуш компанияларга түз акча төлөөгө тыюу салды
19.07.2022 | 12:48
Мындан ары жарандар курулуш компанияларына түз акча төлөбөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын укук коргоо, фискалдык жана башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешинин жүрүшүндө билдирди.
«Бул акчаны банктарга депозитке салышсын. Ал эми алардын батири даяр болуп, курулуш компаниясы ачкычын жана кызыл китебин бергенден кийин акчаны ушул аманаттан которсо болот. Бул дүйнөлүк практика», – деди Жапаров.
Ал белгилегендей, азыр курулуш компаниялары батирдин бардык акчасын бир кардардан, 20-30% башкалардан алып, жаңы курулуштарды башташат.
Жапаров Мамкурулушка курулуш компанияларына аудит жүргүзүүнү тапшырды.