Венгриялык компания Кыргызстанда чакан ГЭСтерди долбоорлойт
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чакан гидроэлектростанцияларын долбоорлоо маселеси боюнча «A-Hid» венгриялык компаниясынын аткаруучу директору Ласло Салом менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү жана куруу – Министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз», – деди А.Жапаров.
Андан соң Экономика жана коммерция министрлиги, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана «A-Hid» компаниясы (Венгрия Республикасы) ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи өттү.
Кол коюлган келишимге ылайык, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени жана чакан энергетика обьектилеринин өздөрүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин андан ары иштеп чыгуу менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн кыйла ыңгайлуу участокторду тандоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Макулдашуунун алкагында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен кичи ГЭС тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселеси да иликтенмекчи.
Маалымат үчүн: «A-Hid» компаниясы энергетикалык объектилерди, көпүрө, автожол, темир жол, коомдук транспорт курулмалары сыяктуу инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо менен алектенет.
Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Уюм өз ишинде венгриялык компаниялар менен ишкер байланыштарды түзүүгө жана кызматташууга өзгөчө басым жасайт.
Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду атамекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорго жеңилдетилген кредиттерди берет. Анын уставдык капиталы 16 млн АКШ долларын түзөт.
2022-жылдын 12-майында долбоорду каржылоого арыздарды кабыл алуу башталганы жарыяланган.[image_carousel source=”media: 144503,144504,144505,144506,144507,144508″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]