Сутка ичинде республиканын аймагында 31 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 33 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 17, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 3.
Куткаруу кызматтары тарабынан 8 чыгуу болгон (2 эшик ачуу, 1 издөө иши, 4 суу кырсыгы, 1 шахтанын газ чыккан жерине тосмо орнотуу).