Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Индияда экинчи ирет аял президент болуп шайланды
22.07.2022 | 08:50
Индиядагы президенттик шайлоодо Драупади Мурму жеңди. Ал өлкөнүн тарыхында экинчи жолу аял мамлекет башчы болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Мурму штаттардын жана аймактардын парламенттеринин жана жергиликтүү ассамблеяларынын мүчөлөрүнүн ичинен шайлоочулардын 64% добушуна ээ болду, ал эми анын атаандашы, оппозиция лидери Яшвант Синха 36% добуш алды. Мурму өлкөнүн бардык штаттарында добуштарды алды, Синха үч штатта утулуп калды.
Мурму 25-июлда ант берет, азыркы президент Рам Натх Ковинддин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга бир күн калганда. Индиянын президенти беш жылдык мөөнөткө эң көп дегенде эки мөөнөткө шайланат.
Индияда президенттик шайлоо 18-июлда өтүп, добуштар 21-июлда саналган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар