Абдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылдыКыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатӨзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярданууда
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен өспүрүм изделүүдө
22.07.2022 | 09:24
Чүй районунда каналга түшүп кеткен 16 жаштагы өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 21-июль күнү Шамшы айылында Чоң Чүй каналына 2006-жылы туулган А.Ч. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМден 8 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 11 адам тартылып, кеч киргенине байланыштуу иш-чаралар убактылуу токтотулган.
Издөө иштери 22-июль күнү улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом