28-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтБекешев көп кабаттуу үйлөрдү санарип башкарууну жана ТСЖнын чыгымдарын толук көзөмөлдөөнү сунуштоодоЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөт
Ысык-Көлдө кемеден өрт чыгып, эс алуучулар эвакуацияланды – видео
23.07.2022 | 17:53
Бүгүн, 23-июлда Ысык-Көл районунун Комсомол айылында «Альботрос» кемесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр скутерлер менен эвакуацияланган.
Өрттү өчүрүүгө саат 17:13тө райондук №35 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.
Ысык-Көл облустук милициянын маалыматына караганда, өрт чыккан кемеден 20 адам эвакуацияланган. Алардын арасында балдар дагы бар. Учурда өрт өчүрүлүп, кеме жээкке тартылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом