2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
Нарын дарыясынан 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды
23.07.2022 | 18:30
Бүгүн, 23-июлда Нарын дарыясынан изделип жаткан 19 жаштагы А.Ф. уулу аттуу жарандын жансыз денеси Кочкор-Сарай тилкесиндеги аралдан туугандары тарабынан табылды.
ӨКМдин маалыматына караганда, саат 12:00дө куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү аралдан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Окуя 22-июль күнү орун алып, анда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Үгүт айылында 2003-жылы туулган Ф.А. уулу Нарын дарыясына түшүп кеткен.
Жаранды издөө иши ошол күнү башталып, жерине Ак-Талаа райондук №47 ӨКБдан 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом