Азербайжанга кирүүгө кыргызстандыктар үчүн тыюу салынган. Эмнеге?

Азербайжанга кирүүгө кыргызстандыктар үчүн тыюу салынган. Эмнеге?

Азербайжандын аймагына кирүү үчүн Кыргызстандын жарандарына азыркыга чейин тыюу салынган. Бул тууралуу жергиликтүү туристтик агенттиктин өкүлү билдирди.

Маалым болгондой, коронавирус пандемиясы учурунда Азербайжан бир катар өлкөлөр үчүн анын ичинде Кыргызстанга дагы аба каттамдарга чектөө киргизген.

“Коронавирус инфекциясы азайып, эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин бардык өлкөлөр эки тараптуу сүйлөшүп, чектөөлөрдү алышкан. Ал эми Кыргызстан үчүн чектөө азыркыга чейин алына элек. Бул боюнча ТИМ жана элчиликтер иш алып барышы керек эле. Азербайжанга кирүүдө башка өлкөлөрдүн жарандарынан коронавируска каршы вакцина алгандыгын тастыктаган документти талап кылышат. Ал эми кыргызстандыктар үчүн Азербайжандын аймагына кирүүгө болбойт”,  деп билдирди ал.

Азербайжан өкмөтү ушул жылдын февраль айында 17 өлкөнүн жарандары үчүн республиканын аймагына кирүүгө уруксат берип, чектөөлөрдү алып салган. Тизмеде  Албания, Доминикана, Филиппин, Грузия, Индия, Индонезия, Иран, Колумбия, Молдова, Өзбекстан, Пакистан, Перу, Тажикистан, Таиланд, Тунис, Түркмөнстан, Венесуэла бар. Ал эми Кыргызстандын жарандары үчүн чектөө алынган эмес.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>