Ысык-Көлдө «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушу башталдыКыргызстан Россияда жана Казакстанда логистикалык борборлорду түзөтӨкмөт башчы Ысык-Көлдө курулуп жаткан эки күн электр станциясы менен тааныштыКазакстандык банк Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү пландаштыруудаАтайын кызматтарга жана армияга айымдардын көз карашы: Кыргызстанда тарыхый прецедент түзүлдүПрезидент «Корея — Кыргызстан» агрокластеринин параметрлерин жаңылады
Соцфонд: Кыргызстанда пенсиялык курак көтөрүлбөйт
26.07.2022 | 12:27
Кыргызстанда пенсиялык курак көтөрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйында билдирди.
Ал Соцфонд пенсиялык куракты көтөрүү тууралуу демилге көтөрүү ою жок экенин белгилеп өттү.
“Кандайдыр бир өзгөрүү болбойт. Пенсиялык курак көтөрүлбөйт. Аялдар үчүн 58, эркектер үчүн 63 жаш боюнча калат”, – деди ал.
Эскерте кетсек, мындан бир нече ай мурда өкмөт пенсиялык куракты көтөрүү демилгеси менен чыгып, бирок коомчулуктун нааразычылыгынан кийин ал оюнан баш тарткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом