Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Чүйдө дайынсыз болуп жаткан малчынын сөөгү табылды
09.08.2022 | 13:28
Аламүдүн районунда дайынсыз болуп жаткан малчынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-августта 37 жаштагы У.С. аттуу малчы мал кайтарууга чыгып кетип кайтып келген эмес. Анын кийимдери Октябрская жана Лубиная айылдарынын ортосунан агып өткөн Чу суусунун жээгинен табылган.
Бүгүн 9-августта жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:23тө куткаруучулар аталган жарандын сөөгү табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом