Сууга аккан баланы куткарган “Түндүк электрдин” кызматкери сыйланды

Сууга аккан баланы куткарган “Түндүк электрдин” кызматкери сыйланды

Сууга агып бара жаткан баланы куткарган «Түндүк электр» ААКтын кызматкери Аскар Түлөнов сыйланды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал «Түндүк электр» ААКтын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамоталары жана Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты менен сыйланды.

Аскар Түлөнов И.Разаков атындагы КМТУну аяктагандан кийин 2021-жылдын октябрь айында Жайыл РЭСтин цехине электрик болуп ишке орношкон. 2022-жылдын март айында электр тармактарынын Жайыл участогунун аба чубалгыларын оңдоо боюнча электрикке өткөн. Белгилей кетсек, ал сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын спорт чебери.

Буга чейин маалымдалгандай, 25-июль күнү “Түндүк электр” ААКтын кызматкери Аскар Түлөнов катуу агымга секирип, чөгүп бара жаткан адамды куткарып калган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>