Кыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жеттиБаалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттүПрокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты
Чүйдө дайынсыз болуп жаткан малчынын сөөгү табылды
09.08.2022 | 13:28
Аламүдүн районунда дайынсыз болуп жаткан малчынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-августта 37 жаштагы У.С. аттуу малчы мал кайтарууга чыгып кетип кайтып келген эмес. Анын кийимдери Октябрская жана Лубиная айылдарынын ортосунан агып өткөн Чу суусунун жээгинен табылган.
Бүгүн 9-августта жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:23тө куткаруучулар аталган жарандын сөөгү табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом