Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Чүй: Сокулукта кумшекер арзандады
09.08.2022 | 22:18
Сокулук районунда акыркы 10 күндө кумшекердин баасынын төмөндөшү байкалды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын сайтында маалымдалды.
«Кумшекердин чекене баасы орто эсеп менен 5-7 сомго төмөндөп, 88-89 сомду түздү», – деп билдирди Монополияга каршы күрөшүү кызматы баа мониторингинин жыйынтыгында.
Ведомстводон билдиришкендей, мониторинг райондогу соода түйүндөрүн, 10дон ашык дүкөндөрдү жана 40тан ашык социалдык маанидеги товарларды сатуу пункттарын камтыды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика