Бишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылатТогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылдыЧолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылдыБишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталдыОш электр тармактары ишканасынын кампа башчысы электр зымдарын сатууга шектелүүдө
Бишкек: Ботаникалык бакчада өрт чыкты
09.08.2022 | 22:53
Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев көчөсүндөгү ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы катталган дарекке саат 14:12де Октябрь райондук №5 өрткө каршы бөлүмдөн 1 бөлүм, кошумча саат 14:33тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо 15:02де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар