Кыргызстандын сегиз ишканасына Кытайга продукция экспорттоого уруксат берилдиКазакстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумдун күнү белгилендиКыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы: артыкчылыктар жана негизги чакырыктар“Өзүм ушундай чечим кабыл алдым”. Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетерин жарыяладыАшууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндөАрал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабык
Кыргызстанда жумушсуздуктун саны 5,3 миң кишиге кыскарды
16.08.2022 | 22:22
Өткөн жылдын июнь айынан 2022-жылдын июнь айына чейин Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 0,2% кыскарды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалыматында айтылат.
Алсак, июнь айынын акырына карата республика боюнча мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтарында 75,2 миң адам катталган, бирок Кыргызстан жумушчу күчүнө (2,9%) карата жумушсуздуктун деңгээли боюнча экинчи өлкө бойдон калууда.
Ошол эле учурда жумушсуз жарандардын эң көп саны Арменияда катталып, бул көрсөткүч 4,2%ды түзгөн.
Ал эми Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ичинен жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Беларуста болгону – 0,2%ды түзөт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар