Жекшеналиевдин эки адвокатын соттук отурумга киргизбей койду (видео)

Жекшеналиевдин эки адвокатын соттук отурумга киргизбей койду (видео)

Фейсбуктагы “Полит узник” баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиев баш коргоо чарасын кароодогу соттун мыйзам бузганы боюнча адвокаты Махабат Мамасалиева айтып берди.

“Жаңы мыйзамга ылайык, сот отуруму ачык өтүшү керек болчу. Катчылык коридордо отурган жакындарына сот жараяны башталаарын залга кирүүгө чакырышы керек болчу. Эмнегедир андай чакыруулар болгон жок. 3 саат коридордор отурдук. Бир гана адвокаттын киргизди. Берки адвокатта да шектенүү бар. Эмне үчүн катчылык бизди чакырган жок”- деди Мамасалиева.

Ал эми Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасын кароо  боюнча соттук жараянга 3 жактоочусу кирмек. Ырыс Ибраев аттуу жактоочусу гана процеске кирип, калган экөө сыртта коридордо 3 саат күткөн.

Бүгүн, 16-августта Биринчи май райондук соту Жекшеналиевди 2 айга камакка алуу боюнча чечим кабыл алды.

Жекшеналиевге УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча эски видеокайрылуусун жарыялаганы үчүн «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча иш козголгон. Жаш активист ага коюлган күнөөнү моюнуна албай турганын жана ал саясий себеп менен ачылганын айтууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>