Erasmus+ программасы жана КРда билим берүүнү модернизациялоо: Европарламенттин делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгыДепутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары болуп шайландыКытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан коридору боюнча биринчи жүк ташуучу поезд жолго чыктыБишкек мэри ЦУМдун жанындагы курулушту буздурууну, ал эми Old Bishkek долбоорун токтотууну тапшырдыЕЭК антимонополдук көзөмөлгө жасалма интеллектти киргизүүнү пландаштыруудаБШК мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун депутаттык мандатынан ажыратты
Кеминдеги жол кырсыкта 5 адам мерт кетти
29.08.2022 | 19:47
Кемин районунда жол кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болду.
Маалым болгондой, жол кырсык 26-августка караган түнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун аймагында катталган. Чоң жүк ташуучу унаа менен “Субару Легаси” унаалары бетме бет кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 5 адам ошол жерде каза болгон. Алардын экөө аял, үчөө эркек. Каза болгондордун экөө жубайлар болгон. Жүк ташуучу унаада эки ада болгон.
Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар