Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Болгарияны суу ташкыны олуттуу кыйроого учуратты
06.09.2022 | 22:11
Болгариянын борбордук бөлүгүндө суу ташкындары олуттуу кыйроого айланды. Пловдив аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин дарыянын жээгинен ашып, дамбаларды жана көпүрөлөрдү жеп кетти. Бир катар калктуу пункттар менен айыл чарба жерлерин суу каптаган. Ондогон турак-жайлар жабыркап, электр энергиясы жана суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады.
Өкмөт жапа чеккендерге бир жолку акчалай жардам убада кылып, кырсык болгон аймактан ичүүчү суу, тамак-аш жеткирүүнү уюштурууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар