Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Бишкек: 173-маршруттук каттамдын айдоочусу окуучу баланы уруп салды (видео)
15.09.2022 | 23:01
Бүгүн, 15-сентябрь күнү 173-маршруттук таксинин айдоочусу окуучу баланы уруп салган. Андан улам жүргүнчүлөр менен урушуп жаткан видео социалдык тармактарга тарады.
black_list.kg инстаграм баракчасына жүктөлгөн видеого жана маалыматка караганда, айдоочу эшикти тарс жаап салган өспүрүмдү (ал 15-16 жашта) бетке муштап жиберген. Күч менен ургандыктан бала учуп кетип, арыкка кулап түшкөн. Жүргүнчүлөр аны араң токтотушкандан кийинки көрүнүшү видеого жаздырылып калган.
Азырынча укук коргоо органдары тарабынан бул айдоочуга кандай аракеттер көрүлгөнү туурасында маалыматтар тарай элек.

Видеодо балага болушкан жүргүнчүлөрдү сөгүп жатканын көрүүгө болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар