Кыргызстандыктар акчаны көбүнесе накталай сактай башташты

Кыргызстандыктар акчаны көбүнесе накталай сактай башташты

Улуттук банк Кыргызстанда накталай акчанын жана депозиттердин өсүшүн белгиледи. Бул тууралуу акча-кредит саясаты боюнча жөнгө салуучу органдын 2022-жылдын экинчи кварталындагы отчетунда айтылат.

“2022-жылдын февраль айынан бери банктардан тышкаркы акчалар 28,9%га өстү. II чейректе 21,4%га көбөйүп, отчеттук мезгилдин акырына карата 150,4 млрд сомду түздү (жылдык өсүш 20,5 пайыз болду)”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, 2022-жылдын II чейрегинде чет өлкө валютасындагы депозиттерди камтыган M2X акча топтому ылдамдашы уланган: жылдык өсүш өткөн чейректеги 9,5%га каршы 18,6%ды түзгөн.

Депозиттик базанын жалпы көлөмү 13,9 пайызга, анын ичинде улуттук валютадагы (17,2 пайызга), чет өлкө валютасындагы депозиттердин да (9,3 пайызга) көбөйүүсүн түзгөн. Акча массасынын кеңейүүсүнө банктардан тышкаркы каражаттын өсүшү да оң салым кошкон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: акча сом

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>