Армения менен Азербайжан элдешүү боюнча макулдашты

Армения менен Азербайжан элдешүү боюнча макулдашты

Армения менен Азербайжан элдешүү боюнча макулдашты, келишим шаршемби күнү кечки саат сегизден тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, бул эл аралык коомчулуктун катышуусунун аркасында мүмкүн болду. Баку ок атышпоо боюнча комментарий берген жок.

Ошол эле учурда Ереванда премьер-министр Никол Пашинянга импичмент жарыялоону талап кылган миңдеген нааразылык акциялары уланууда.

Чек арадагы кагылышуулар 12-сентябрда башталган, ошондон бери эки тарап тең жоготууларды ачыктагыны боюнча  Баку — 71ге жакын, Ереван — 104кө жакын.

Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжанды түз Армениянын аймагындагы калктуу конуштарды аткылоодо деп айыптоодо.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Илхам Алиев Баку Армениянын провокацияларына гана жооп берерин жана чыңалуу үчүн жалгыз өзү жооптуу экенин билдирди.

БУУнун Коопсуздук кеңеши эки тарапты ок атышууну токтотууга чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>