Түштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда
Баткенде сууга аккан баланы куткарган жол сакчы сыйланды
10.10.2022 | 12:13
Баткенде сууга агып бара жаткан баланы куткарып калган жол сакчысы сыйланды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү саат 10:30 чамасында Баткен ШИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын майору Аскар Токоев жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп жүрүп, Баткен шаарынын ичиндеги каналда агып бараткан жаш баланы көрүп калган.

Ошол замат сууга түшүп, агып бара жаткан баланын суудап алып чыгып, өмүрүн сактап калган.
“Бүгүн милициянын майору Аскар Токоевди президенттин Баткен облусундагы өкүлү чакырып, ыраазычылыгын билдирип, “Баткен облусуна 20 жыл” медалы менен сыйлады”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар