7 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды — видео

7 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды — видео

Ош шаарында 7 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен 66 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка камраганда, окуя 6-октябрь күнү саат 18:30дар чамасында Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүндө катталган.

Айдоочунун жүргөн жерин милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери аныкташкан. Айдоочуну кармаган соң, ишти Ош ШИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасынын дарыгери «102» кызматына кабарлап, жол кырсыгынан  2015-жылы туулган бала денесинен жараат алгандыгын билдирген.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 2015-жылы туулган Р.Э.ни «Мерседес-Бенц» унаасы сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткени аныкталган. Натыйжада, денесинен жараат алган Р.Э. Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасына жаткырылган.

Бул факты боюнча Ош ШИИБдин кызматкерлери автоунаанын жүргөн жерин таап, тергөө кызматына өткөрүп берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>