Садыр Жапаров Астанадагы бир катар иш-чараларга катышат

Садыр Жапаров Астанадагы бир катар иш-чараларга катышат

Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында 13-октябрда Мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат. Андан соң, 14-октябрда ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Россия” форматындагы 1-саммитке катышат”, — деди Муратбек Азымбакиев.

Ал кошумчалагандай, Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, “Борбор Азия – Россия” форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкууланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>