Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берилдиКазакстан жарым жылга тоок жумурткасын импорттоого тыюу салды — анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн даБишкек электр тармактар ишканасынан акча чыгарып кетүүгө шектелип директор, башкы эсепчи жана анын орун басары кармалдыМамлекеттик өнүктүрүү банкы май айында фондулук биржага чыгатЧүй облусунда 1250 гектар жерде зыянкеч чегирткелер аныкталдыСтуденттерге контракттык окуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушталды
Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин вице-спикери болду
12.10.2022 | 17:12
Бүгүн, 12-октябрда парламент жыйынында депутат Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Азыгалиевдин талапкерлигин жашыруун добуш берүүнүн негизинде 81 депутат колдоду.
Нурланбек Азыгалиев 1970-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Билими жогорку. 1989–жылы Фрунзе атындагы совхозтехникумун “зоотехник” адистиги боюнча аяктап, 1998-жылы Түркиядагы Эге университетинин “айыл чарба” факультетин, 2004-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №22 Жайыл бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом