Боомдо беш күн катары менен таш кулатуу иштери жүргүзүлөт
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында 17-21-октябрь күндөрү жүргүзүлөт.
Иштин башталышы керектүү адамдык, техникалык каражаттарды жана механизмдерди даярдоо менен автотранспорттун жана темир жолдун кооптуу участокторун тосуу аркылуу жүргүзүлөт.
Иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин ИИМдин жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт.
Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат.
30-40тан ашык унаанын топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.
[image_carousel source=”media: 160199,160200,160201,160202,160203,160204″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз