Боомдо беш күн катары менен таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

Боомдо беш күн катары менен таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу  «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында 17-21-октябрь күндөрү жүргүзүлөт.

Иштин башталышы керектүү адамдык, техникалык каражаттарды жана механизмдерди даярдоо менен автотранспорттун жана темир жолдун кооптуу участокторун тосуу аркылуу жүргүзүлөт.

Иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин ИИМдин жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат.

30-40тан ашык унаанын топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>