Экс-президенттер канча пенсия алат?

Экс-президенттер канча пенсия алат?

Бүгүн, 17-октябрда Бишкектеги маалымат жыйында Социалдык фонддун башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов Кыргызстандын экс-президенттеринин пенсиясы тууралуу айтып берди.

Маалымат жыйында Мукамбетовго журналисттер экс-президенттердин пенсиясынын өлчөмү тууралуу суроо узаткан.

«Экс-президенттердин пенсиясы өзүнчө мыйзам менен эсептелет. Бул боюнча (экс-президенттин пенсиясы – ред.) бизде маалымат жок. Анткени экс-президенттин макамы тууралуу мыйзамга ылайык, социалдык кепилдиктер бар. Анда учурдагы президенттин эмгек акысынын 70% өлчөмүндө пенсия алары каралган», — деди ал.

Анын айтымында, экс-президенттерге пенсиянын акчасы Каржы министрлиги аркылуу берилет.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда мурдагы президенттер арасында Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамы бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>