Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Өлкөдөгү мектептерге канча мугалим жетишсиз экени айтылды
18.10.2022 | 11:06
Кыргызстандагы мектептерге 839 мугалим жетишсиз экенин билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн, 18-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында информатиктер, аймактарда математик, физик, химик, айрым аймактарда башталгыч класстын мугалимдери жетишсиз.
«Адистерди тартуу үчүн биз комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз: мугалимдердин айлыгы көбөйтүлдү, категориялар киргизилүүдө, педагогикалык багыттагы студенттердин стипендиясы көбөйтүлүүдө», – деди Жусупбекова.
Ал кошумчалагандай, октябрь айынын аягында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында бош орундардын саны азайышы мүмкүн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар