Күйөөсүнүн ур-токмогунан ажал тапкан аялдар

Күйөөсүнүн ур-токмогунан ажал тапкан аялдар

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү — көйгөйлүү маселелердин бири. Өлкөдө күйөөсүнүн ур-токмогунан улам аялдардын каза болгон учурлары көп катталып келет.  Жыл башынан бери эле мындай бир нече каргашалуу окуя болду. Reporter.kg мындай окуяларды тизмектеди.

Денесине 17 жолу бычак сайган

Быйыл 27-августка караган түнү болжол менен саат 02:40та Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринин короосунда киши колдуу болгон 24 жаштагы М.Г. аттуу аялдын сөөгү табылган. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган.

Бул кылмышка шектүү катары 33 жаштагы А. И. аттуу маркумдун мурдагы күйөөсү кармалган.

Маалым болгондой, окуя болгон күнү шектүү мурдагы аялын кафеге чакырып, кайра жарашууну көздөгөн.

«Алар мурда чогуу жашап, кийин ажырашып кетишкен. Ортодо бир баласы бар. Кайра жарашуу максатында мурдагы күйөөсү келинди кафеге чакырган. Бирок аялы жарашууга көнбөй, экөө келише алган эмес. Мурдагы күйөөсү кызганычтан улам ошол кафенин жанынан бычактап өлтүргөн. Ошол учурда шектүү кызуу абалда болгонун айтты», — деп билдиришкен Жалал-Абад облустук милициясынан.

Сентябрь айынын аяктарында бул иш сотко өткөрүлүп берилген.

Муунтулуп өлтүрүлгөн

Бул окуя быйыл жыл башында Ош облусунда болгон. 4-январь күнү саат 21:57 чамасында Кара-Суу райондук милициясына Ош облустук жол коопсуздук кызматкери, Шарк айыл аймагында (Бишкек-Ош унаа жолунун 663-чакырымында) М.А. аттуу жаран өзүнүн 31 жаштагы Г. Т. аттуу аялын өлтүргөнүн кабарлаган.

Окуя жерине барган милиция «Хендай-Санато» унаасынын арткы отургучунда чалкасынан жаткан абалда Г. Т. аттуу келиндин сөөгүн тапкан.

Каза болгон жарандын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүү учурунда, анын мойнунда жоолук оролуп, тактар бар экендиги аныкталган.

Бул кылмышка шектүү катары маркумдун  38 жаштагы жолдошу М.А. кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө буларды айтып берген: маркум экинчи жубайы болгон. 3-январь күнү алар пикир келишпестиктин айынан сөз талашып урушуп кеткен. 4-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында үйүнө келип, аялын алып, унаасы менен Өзгөн шаарына барган.

Ал жактан Ош шаарына карай келе жатып, Фуркат айылына келген учурда экөө сөз талашып урушуп кетишкен. М.А. унаасын талаа тарапка карай айдап, токтогон учурда аялы унаадан түшүп, аны жерден алган кыш (кирпич) менен урган. Ошол учурда ал аялын бетке 1-2 жолу уруп, алыша кетип жерге жыгылышкан. Шектүү аялынын оозун колу менен жаап, жолугу менен муунтуп, аялы кыймылдабай калган учурда унаанын арткы орундугуна отургузган. Окуя болгон жерден кетип бара жаткан учурда милиция кызматкерлери келип, аны токтотуп калган.

Ур-токмоктон каза болгон аялдар

Бул каргашалуу окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон. 39 жаштагы аял күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза тапкан.

Милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, анын эжеси катуу ур-токмоктон улам каза болгонун жана жездесине карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Арыз ээсинин айтымында, аялдын колунда, башында жана буттарында көк ала тактар болгон.

Бул иш боюнча шектүү кармалып, ал өз көрсөтмөсүндө мас абалда болгонун жана аялын чаап салганын билдирген. Ал эртең менен аялынын жансыз денесин тапкан.

Бул экинчи окуя да быйыл Ысык-Көл районунун Бостери айылында болгон. 44 жаштагы аялынын өлүмүнө шектүү катары 50 жаштагы күйөөсү (Ш.К.) кармалган.

Маалым болгондой, милицияга аймактык ооруканадан 44 жаштагы С.Т. аттуу аял киши оор абалда ооруканага жаткырылганы тууралуу кабар түшкөн. Ага мээсинен жаракат алган деген диагноз коюлган.

9-май күнү кечинде жубайлардын ортосунда чатак чыкканы аныкталган. Эркек мас абалында аялын башына жана ичине урган. Кийин жабырлануучу С.Т. эсин жоготуп, уктап калган. Эртеси жабырлануучунун баласы үйгө келип, апасын эс-учун жоготкон абалда тапкан. Ал тез жардам чакырып, аял ооруканага жаткырылган. 11-майда С.Т. эсине келбей каза болгон.

Аялын бычактап өлтүргөн

Ош шаарында мурдагы аялын бычактап өлтүрүүгө шектелип 32 жаштагы жаран кармалган.

Маалыматка караганда, окуя быйыл 3-октябрда болгон. Шектүү мурдагы аялын өлтүрүү максатында ал жашаган үйгө барып, аялдын денесине бир нече ирет бычак сайган. Андан кийин окуя жеринен качып кеткен. 24 жаштагы жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган.

«Адам өлтүрүүгө шектүү 32 жаштагы Ж.И. аттуу жаран Өзбекстандын Анжиян облусунун аймагынан, жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргелешкен издөө иш-аракеттеринин натыйжасында өткөн жумада колго түшүрүлүп, Ош шаарына алып келинди. Учурда ага карата адам өлтүрүү беренеси (122-берене) боюнча кылмыш иши козголуп, тергелүүдө», — деп айтылат билдиришти Ош шаардык милициясынан.

Аялынын, андан кийин өз жанын кыйган

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлда маалымат жыйында аялдарга карата зордук-зомбулук маселеси боюнча суроого жооп берип жатып, Кочкордо болгон каргашалуу окуя тууралуу айтып берген.

Анын айтымында, Кочкор районунда жергиликтүү тургун аялын бычактап, андан кийин өзү асынып алган. Окуя 17-июлда түнүндө болгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>