Жаз: 1-мартка карата аба ырайыИранда кыздар мектебине жасалган авиасоккудан 40тай киши каза болгону айтылуудаТегеранды каптаган «Каардуу айкырык»Иран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урдуКыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна тынсыздануусун билдирдиАР: Йемендик хуситтер Израилге каршы чабуулдарын кайра жандантат
Индонезияда жер титирөөдөн 50дөн ашык киши көз жумду
21.11.2022 | 19:47
Индонезиянын Чианжур районундагы жер титирөөдө 50дөн ашуун киши көз жумуп, жүздөгөн адамдар жараат алып, имараттар менен жолдор талкаланган. Күчү 5,6 баллга жеткен зилзаланын очогу өлкөнүн борбору Жакартадан 74 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жергиликтүү геофизикалык агенттиктин маалыматы боюнча, элементтердин таасиринен келип чыккан цунами коркунучу жок.
Тынч океан бассейниндеги жарака линияларынан улам Индонезияда жер титирөөлөр, вулкандардын атылышы менен цунами тез-тез болуп турат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар