Жапаров мугалимдердин маянасынын кыскарышы боюнча түшүндүрмө берди

Жапаров мугалимдердин маянасынын кыскарышы боюнча түшүндүрмө берди

Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев эмне үчүн сентябрь айында мугалимдердин айлыгы кыскаргандыгы боюнча суроо берди. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова суроого жооп берип жатып, быйыл апрель-май айларында мугалимдердин айлыгы 37 миңге чейин көтөрүлгөнүн, андан кийин  сентябрда 24 миң сомго түшкөнүн айтышты.

Надира Жусупбекованын айтымында, айлык маяна аз болгон маалда мугалимдер көбүрөөк айлык алыш үчүн жумасына 30-40 саат иштешкен. Айлык көтөрүлгөн учурда мугалимдердин сааты ошол бойдон калган. Кийинчерээк Билим берүү министрлиги жана башка мамлекеттик органдар мугалимдерге жумасына 27 саат максималдуу деп бекитишкен.

Мугалим дагы ар бир сабакка даярданышы, дептерлерин текшериши керек болгондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Ал эми өз-өзүнчө чогулуп, мурда 27 саат иштеген мугалим канча алчу эле, азыр салыштырып көрсөк, 80%га жогорулаганын көрөбүз”, — деди Билим берүү министринин орун басары Жусупбекова.

Акылбек Жапаров Министрлер кабинети мугалимдердин маянасын жогорулатуу боюнча президенттин жарлыгына чейин мугалимдердин эмгек акысын төлөө боюнча бир пикирге келе албаганын түшүндүрдү. Анын айтымында, механизм маяна жогорулатылгандан кийин жай мезгилинде иштелип чыккан.

Ооба, биз туура эмес эсептедик. Жарлык чыкканга чейин бул ыкманы колдонуу керек болчу”, — деп моюнга алды Акылбек Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>