ЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсү
Мурдагы депутат Бакыт Жетигенов Ош шаарынын мэри болду
29.11.2022 | 10:38
Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин аталган кызматты Алмаз Мамбетов ээлеп турган. Ал Ош шаарынын мэри кызматына былтыр август айында келген.
Ал эми Бакыт Жетигенов мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Былтыр 26-ноябрда ал “бийликти басып алууга даярданууга” шектелип кармалып, 22-декабрда камактан бошотулган.
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов камактан бошотулду
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом