Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болду
30.11.2022 | 12:29
Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
“Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Султанов Омар Абдыразакович Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Омар Султанов буга чейин тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат