Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Депутат: Прокуратура, милиция каржы пирамидаларга “крыша” болууда
30.11.2022 | 12:59
Кыргызстанда барган сайын каржы пирамидалары көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.
Анын айтымында, элге батир жана башка көп нерселер убада кылынууда.
«Укук коргоо органдары, прокуратура, милиция аларга “крыша” болуп жатат. Сузакта 900 миң долларлык заводу бар инвесторду прокуратура коргоп жатат. Иш токтоп калды. Завод бир адамдан түтүк сатып берем деп 120 миң доллар алып, бирок эч нерсе кылган эмес. Ал тууган болгондуктан бул ишти прокуратура токтотту», – деди ал.
Эл өкүлү каржы пирамида менен алектенген адамдардын кылмыш иши жылдап каралбай жатканын айтып, бүгүн прокуратура менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн угууну сунуштады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом