Эртең, 2-декабрда Таластан башка облустардын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүйдүн Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн абанын температурасы -11…-16, күндүз -5…-10, Төө-Ашуу ашууда түнкүсүн -13…-18, күндүз -9…-14 градуска чейин төмөндөйт.
Ошондой эле, Ысык-Көлдүн Кумтөр капчыгайында түнкүсүн -19…-24, күндүз -9…-14, Чоң-Ашуу ашуусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7 градус суук болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;
Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-12;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз -1…+1 градус болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз