Самара Токтакунова Бишкекте мааракелик концертин өткөрөт

Самара Токтакунова Бишкекте мааракелик концертин өткөрөт

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, 3-декабрда, СССРдин жана Кыргызстандын Эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакунованын «Комуз жана Самара» аталышындагы 60 жылдык юблейлик концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Концерт кечки саат 18:30 да башталат. Ага Кыргыз улуттук филармониянын артисттери жана белгилүү ырчылар катышат.

Белгилүү болгондой, СССРдин жана Кыргызстандын Эл артисти, комузчу Самара Токтакунова — Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, «Манас» ордени жана «Даңк» медалынын ээси, Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы жана ошондой эле көптөгөн эл аралык наам, сыйлыктар менен сыйланган.

Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган.

15 жашынан баштап комузда кол ойноткон Самара Токтакунова Токтогул Сатылганов, Ыбрай Туманов, Карамолдо Орозов, Муратаалы Күреңкеев, Атай Огомбаев, Шекербек Шеркулов өңдү залкарлардын күүлөрүн чертип, элге таанылган.

СССРдин эл артисти чыгармачылыгынын аркасы менен дүйнөнү түрө кыдырган. Түрдүү эл аралык сынактарга катышып, концерт коюп КМШ өлкөлөрүнөн сырткары, Вьетнам, Швейцария, Монголия, Түркия, Куба, АКШ, Канада, Кытай, Финляндия, Египет, Япония, Дания, Мексика, Белгия, Германия, Норвегия, Голландия, Францияга чейин барган.

Самара Токтакунова — Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо кафедрасынын профессору. 40 жылдан ашык убакыттан бери аталган окуу жайда окутуучулук менен алектенип, бир канча шакирттерди тарбиялады.

Алардын алды өлкөнүн эмгек сиңирген артисти болсо, арты маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү болгонго чейин жетишкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>