Жайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалдыКыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант берет
Кыргызстанда өсүмдүк майы арзандады
06.12.2022 | 00:04
Кыргызстанда 1-ноябрдан 1-декабрга чейин өсүмдүк майынын баасы 2,7%га арзандаганын Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Алсак, 1-ноябрда өлкө боюнча орточо баа 184,87 сомду түзсө, 1-декабрга карата баа 4,99 сомго төмөндөп, 179,88 сомду түздү.
Баанын төмөндөшүнө майдын баасы Баткенде 9,61 сомго, Бишкекте 6,81 сомго, Ошто 4,19 сомго арзандашы менен байланыштуу.
Ошол эле учурда, Бишкектин гипермаркеттеринде 1 литр күн карама же өсүмдүк майлары “Олейна” 176 сом, “Шедевр” 172 сом, “Аведовъ” 142,5 сом, “Благо” 145 сом, “Золотая капелька” 146 сом, “Каролин” 148 сомдон сатылууда.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика