Караколдо жүргүнчү ташыган 10 айдоочуга айып салынды

Караколдо жүргүнчү ташыган 10 айдоочуга айып салынды

Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын ЖКККБнын инспекторлору, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген фирма жана ишканаларды текшерүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча инспекторлордун негизги көңүлү автотранспорт каражаттарын толук техникалык кароодон өткөрүүгө, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча келишимдердин жана алардын каттамдарына паспорттордун болушуна бурулат.

«Рейддин алкагында 1-декабрдан 5-декабрга чейинки аралыкта, милиция кызматкерлери тарабынан, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген 6 ишкана текшерилди. Жыйынтыгында 10 айдоочуга протоколдор түзүлүп,  Кылмыш-жаза кодексинин 199-беренеси (Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу) менен ар бирине 1000 сомдон айып салынды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>