Аскер прокурору Кытайдын атташеси менен аскердик кызматташтыкты талкууладыЕвропадан Кыргызстанга велосипед менен келген саякатчылар Бишкекке жеттиАла-Тоо аянтына бийиктиги 32 метрлик башкы балаты орнотулуудаКатарлык дарыгерлер Кыргызстанда угуусу начар 28 балага операция жасаштыЧек ара кызматында жаңы жетекчилер дайындалдыКРда энергетикалык суусундуктардын импортун 6 айга чектөө сунушталды
Кыргызстанда өсүмдүк майы арзандады
06.12.2022 | 00:04
Кыргызстанда 1-ноябрдан 1-декабрга чейин өсүмдүк майынын баасы 2,7%га арзандаганын Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Алсак, 1-ноябрда өлкө боюнча орточо баа 184,87 сомду түзсө, 1-декабрга карата баа 4,99 сомго төмөндөп, 179,88 сомду түздү.
Баанын төмөндөшүнө майдын баасы Баткенде 9,61 сомго, Бишкекте 6,81 сомго, Ошто 4,19 сомго арзандашы менен байланыштуу.
Ошол эле учурда, Бишкектин гипермаркеттеринде 1 литр күн карама же өсүмдүк майлары “Олейна” 176 сом, “Шедевр” 172 сом, “Аведовъ” 142,5 сом, “Благо” 145 сом, “Золотая капелька” 146 сом, “Каролин” 148 сомдон сатылууда.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика