Кытай Кыргызстанга темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин берет

11.12.2022 | 11:17

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча кытайлык адистер талаа иштерин бүтүрүп, жакын арада экспертиза жүргүзүү үчүн кыргыз жана өзбек тарапка техникалык-экономикалык негиздемени берет. Бул тууралуу Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чунхуа менен президент Садыр Жапаровдун жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Президенттин администрациясы маалымдагандай, жолугушуу маалында тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары да чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору бүтүндөй аймактын экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис оң таасирин тийгизерин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин “Бир алкак — бир жол” демилгесин ишке ашырууда маанилүү звено болуп каларын айтты.

Өз кезегинде Ху Чуньхуа өз ара байланыш жаатындагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, үч тарап “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун активдүү илгерилетип, ошону менен өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз сооданы камсыздайт деген ишенимин билдирди.

14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты менен өтөт. Бул жолдун узундугу 280 чакырымды түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top