Кытай Кыргызстанга темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин берет

Кытай Кыргызстанга темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин берет

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча кытайлык адистер талаа иштерин бүтүрүп, жакын арада экспертиза жүргүзүү үчүн кыргыз жана өзбек тарапка техникалык-экономикалык негиздемени берет. Бул тууралуу Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чунхуа менен президент Садыр Жапаровдун жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Президенттин администрациясы маалымдагандай, жолугушуу маалында тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары да чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол долбоору бүтүндөй аймактын экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис оң таасирин тийгизерин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак — бир жол» демилгесин ишке ашырууда маанилүү звено болуп каларын айтты.

Өз кезегинде Ху Чуньхуа өз ара байланыш жаатындагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, үч тарап «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорун активдүү илгерилетип, ошону менен өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз сооданы камсыздайт деген ишенимин билдирди.

14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси «Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад» багыты менен өтөт. Бул жолдун узундугу 280 чакырымды түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>