Дүйнө кубогу: Кыргызстандык балбандар коло үчүн күрөшөт — видео

Дүйнө кубогу: Кыргызстандык балбандар коло үчүн күрөшөт — видео

АКШда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогунда кыргызстандык балбандар курамына кирген Дүйнө курамасы мелдештин коло байгеси үчүн күрөшөт. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Белгилей кетсек, Дүйнө кубогу – United World Wrestling уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү командалык мелдеш.

Дүйнө курамасынын катарына Кыргызстандан Тайырбек Жумашбек уулу (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг) менен Арсалан Будажаповдор (79 кг) кирген. Алардын командасы Иран жана Япония менен В тайпасына түшкөн.

Биринчи кармаштарында кыргызстандык балбандар япониялык спортчулар менен күч сынашкан. Үч балбан тең атаандаштарын жеңип чыккан: Тайырбек Жумашбек уулу Риома Анракуну 4:1, Эрназар Акматалиев Кейтаро Онону 11:0 жана Арсалан Будажапов Яжиро Ямасакини 5:2 эсебинде уткан. Андан тышкары, башка салмак категориясындагы командалаштары да жеңишти колдон чыгарган эмес (жалпы 10 салмак категориясында күрөшүшкөн). Ошону менен Дүйнө курамасынын эсебинде бир жеңиш болгон.

Кийинки айлампада алар ирандык спортчулар менен кез келип, Дүйнө курамасындагы 9 балбан атаандаштарына жеңишти тарттырып жиберген. Алардын ичинде Тайырбек Жумашбек уулу Рахман Амузадхалилиге 0:5, Акматалиев Амирмохаммад Язданиге 7:10 жана Будажапов Мохаммад Ноходиларимиге 2:12 эсебинде жеңилген.

Жыйынтыгында Дүйнө кубогунун биринчи оруну үчүн АКШ менен Ирандын курамалары, ал эми коло байге үчүн Дүйнө курамасы менен Грузиянын балбандары күрөшө турган болгон.

Ошол эле учурда, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекованын командасы тайпалык баскычта жакшы жыйынтык көрсөтө албай, байгелүү орун үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн ала алган жок.

Эскерте кетсек, мелдеш 10-11-декабрь күндөрү АКШнын Коралвилл шаарында өтүүдө.

Дагы бир кыргызстандык балбан Дүйнө кубогуна катышат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>