Москва: 1,2 миң кыргызстандык мигранттан жугуштуу оору аныкталган

Москва: 1,2 миң кыргызстандык мигранттан жугуштуу оору аныкталган

Кыргызстандын элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков, 8-декабрда, Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы дерматовенеролог-косметологу, Москва шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин дерматовенерология жана косметология илимий-практикалык борборунун директору Николай Потекаев жана Москва шаары жана Москва облусу боюнча саламаттыкты сактоо чөйрөсүнө көзөмөл боюнча федералдык кызматынын аймактык органынын жетекчиси Роман Курынин менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарынын Москва шаарынын аймагында медициналык текшерүүдөн өтүүсүнө байланыштуу көйгөйлүү маселелер талкууланган.

«Анын ичинде, консул Жолдошбеков жугуштуу оорулар боюнча кошумча (тереңдетилген) текшерүүгө жиберилип жаткан Кыргызстандын жарандарынын санынын көптүгүнө, ошондой эле мекендештердин текшерүүнүн жыйынтыгынын ишенимдүүлүгүнө күмөн саноолору боюнча маселелерге байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Ал катышуучулардын көңүлүн бул жагдай Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалына терс таасирин тийгизип жаткандыгына бурду», — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде, Москва шаарынын дерматовенерология жана косметология илимий-практикалык борборунун өкүлдөрү тарабынан жугуштуу ооруга шек болгон учурда чет өлкөлүк жарандардын кошумча медициналык текшерүүдөн өтүшүнө, ошондой эле инфекциялык оорунун диагнозу ырасталганда белгиленген тартипте дарылануу боюнча түшүндүрмөлөр берилген. Алар билдиргендей, быйыл 11 айда Кыргызстандын 152 миңге жакын жараны медициналык текшерүүдөн өтүп, анын 2 миң 500ү (1,7%) кошумча (тереңдетилген) текшерүүгө жиберилгенин белгиледи. Алардын жыйынтыгы боюнча кошумча текшерилгендердин 50%ында жугуштуу оорунун диагнозу тастыкталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында бардык келип түшкөн арыздарды объективдүү жана ар тараптуу текшерүүдөн өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>