Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Депутат Бакировдун мандатынан ажыратуу аракети башталды
13.12.2022 | 23:16
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун мандатынан ажыратуу аракети башталды. Бул тууралуу 13-декабрда журналисттерге ал өзү билдирди.
Анын айтымында, 12-декабрда атаандашы Равшан Рыспаев жаңы ачылган жагдайлардан улам добуштарды сатып алуу фактысы боюнча иштин материалдарын кароону баштоо өтүнүчү менен административдик сотко кайрылган. Жыйынтыгында сот өтүнүчтү канааттандырды.
Депутат бул чечим мыйзамсыз экенин белгиледи.
Бакиров өзү күнөөлүү эмес экенин айтууда. Буга чейин Ички иштер министрлиги милиция кылмыштын курамын таппаганын билдирген.
Бакиров бийлик ушундай жол менен «жагымсыз депутаттарга» кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатат деп эсептейт.
Бакиров Жогорку Кеңешке Көк-Жар округунан ат салышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат